БИШКЕК. Кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоонун алкагында эки өлкөнүн делегациялары бул күндөрү Кытайда жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, кыргыз делегациясын өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Саламат Аламанов жетектөөдө.
Аламановдун буга чейинки маалымдоосуна караганда, Кыргызстан-Кытай чегарасын демаркациялоо иштери ушул жылы соңуна чыгып, күз айларында ал боюнча тийиштүү документке кол коюлмакчы.
Аламановдун буга чейинки маалымдоосуна караганда, Кыргызстан-Кытай чегарасын демаркациялоо иштери ушул жылы соңуна чыгып, күз айларында ал боюнча тийиштүү документке кол коюлмакчы.