Компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Виктор Геращенко билдиргендей, “ЮКОС” азырынча мунай жөнөтүү ишин улантып жатат, бирок компаниянын эсептерине салынган камал алынбаса, ишин токтотконго аргасыз болот. Салык жана алым-жыйым министрлиги бүгүн ЮКОС 2001-жылы 98 миллиард рубл суммасында салык төлөбөгөндүгүн жарыялады. Ал эми 2000-жылдагы салыктын карызы 99 миллиард рубл өлчөмүндө аныкталган. Аларды өндүрүп алуу иштери башталгандыктан компаниянын банктардагы бардык эсептерине сот камал салган эле. Бул чечимди бүгүн Москванын арбитраждык соту карап, күчүндө калтырды.