Үч күндүк визит учурунда Михаил Саакашвили орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Грузин парламентинин спикери Нино Буржанадзенин сөздөрүнө караганда, Саакашвили Путин менен Түштүк Осетияга жана Грузиядагы орус аскер базаларына байланыштуу маселелерди талкуулабайт. Тбилиси президенттин Москвадагы визити эки тараптуу мамилелердин жаңы баскычка көтөрүлгөнүн ырастайт деп ишенет.