Саддам Хусейндин сот процессине байланыштуу Садр сити районундагы тургундардын пикирлерин сураштырганда, жергиликтүү аялдардын бири Саддамды өлүм жазасына тартып, Багдаддын башкы көчөсүндө талга асып коюу керек деп билдирди. “Биздин уулдарыбызды ал эмне кылды эле? Тирүүлөй өрттөп салган. Менин эки неберем дайынсыз жоголду, алар эч кандай жамандык кылышкан эмес, аларды алиге издеп жүрөбүз”,- деп айтты багдаддык аял. Ал эми Али Хассан аттуу адам болсо Саддам Хусейнди дүйнөдөгү кылмышкерлердин эң кыйдысы деп атап, аны соттош керектигин айтты.