Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:01

«Кыргызэлбанкынын» аманатчыларын каттоо узартылды


БИШКЕК. «Кыргызэлбанкынын» аманатчыларын каттоого алуу мөөнөтү ушул жылдын 31-августуна чейин узартылды. Ага негиз берген токтомго премьер-министр кол койгондугун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка караганда, мындай чечим ушул жылдын 31-мартына чейинки каттоодон өтө албай калган өлкөнүн алыскы райондорундагы пенсионерлерге мүмкүнчүлүк түзүү үчүн кабыл алынды. Ушул токтомдун негизинде мурдагы сактык кассасынын мураскору болгон «Кыргызэлбанкынын» аманатчыларына карыздарды төлөп берүү мөөнөтү менен шарттары да өзгөрдү.

XS
SM
MD
LG