Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Илимпоздор каражат сурашты


БИШКЕК. Кыргызстандын илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин окумуштуулар кеңеши 2005-жылы илимий мекемелерге бөлүнчү каражаттын көлөмүн 61 миллион 800 миң сомго жеткирүү өтүнүчү менен өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылды. Маалыматка караганда, окумуштуулар мындай каражатты 2003-2005-жылдар аралыгында илимди реформалоо боюнча мамлекеттик программага ылайык берүүнү өтүнүштү. Мындай маалыматты Кыргызпатент таратты. Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин ушул жылдын май айында түзүлгөн окумуштуулар кеңеши жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөргө бюджеттен каражат бөлүү механизми туура эмес жана мыйзамга каршы деген бүтүмгө келген.

XS
SM
MD
LG