БИШКЕК. Ушул жылдын 22-июнунан тарта Кыргызстан менен Польшанын ортосунда кош салыктан качуу жөнүндөгү макулдашуу күчүнө кирди. Кыргызстандын каржы министрлиги тараткан маалыматка караганда, аталган макулдашуунун 28-беренеси, тактап айтканда, акча төлөп берген тарап төлөй турган салык 1-сентябрдан тарта токтотулат. Ал эми 2005-жылдын 1-январынан тарта башка бардык тараптардан жана операциялардан кош салык алынбайт.