БИШКЕК. 2-июлда кечке жуук «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин координациялык кеңешинин жыйыны болуп, анда анын негизги максаттары жана принциптери камтылган платформасы кабыл алынды. Бул тууралуу бирикменин төрагасынын орун басары Адахан Мадумаров бүгүн билдирди. Платформада белгиленгендей, бирикме негизги максаты катары Кыргызстанда адилет бийликти орнотууну, административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөөнү жана шайлоолордун адилет өтүүсүнө толук көзөмөл жүргүзүүнү атаган. Андан сырткары платформада «бирикме шайлоодо кайсы бир талапкерге колдоо көрсөтпөйт, болгону алардын баарына бирдей шарт түзүлүшүнө кам көрөт» деп жазылган. Жума күнкү жыйында бирикменин координациялык кеңешинин иштөө эрежесин аныктаган жобо да бекитилген.