Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:34

Коалиция мамкызматчылардын камалышы тууралуу билдирүү таратты


БИШКЕК. «Жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдардын камакка алынышы шайлоолордун алдында чиновниктерди коркутуп-үркүтүү максатын көздөшү мүмкүн». Мындай билдирүүнү мамлекеттик кызматкерлердин камалышына байланыштуу бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы таратты. Анда коалиция бул камакка алуулар боюнча тынчсыздануусун билдирип, коюлуп жаткан айыптардын негиздүүлүгүнөн күмөн санап жаткандыгын жарыя кылды. Андан тышкары жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарды деген киненин коюлушуна ушул жылдын январь айында белгилүү болгон оппозиция өкүлдөрү менен укук коргоочуларды тыңшоо окуясы да түрткү болушу мүмкүн экендигин билдирди. Коалиция андан тышкары коомдо түпөйүл ойлорду жаратпоо үчүн тергөөнү ачык жүргүзүп, коюлуп жаткан айыптар тууралуу маалыматтарды так берүүгө бийликти чакырды.

XS
SM
MD
LG