Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Минскиде боштондук парады өткөрүлдү


МИНСК. Бүгүн Беларустун баш калаасында фашисттик баскынчылардын өлкөдөн сүрүлүп чыккандыгынын 60 жылдыгы аскер парады менен белгиленди. Парадга 3 миңдей аскер, 200 бронетранспортер, танк жана аскердик машина катышты. Президент Александр Лукашенко кабыл алган парад өкмөттүк телеканалдардан түз алып көрсөтүлдү. Кечээ Кечинде Лукашенко кошуна өлкөлөр Латвия менен Литванын НАТОго кабыл алынганын кескин сындап, анын өлкөсү кандай агрессорго болбосун жооп кайтарганга даяр экенин айткан. Польша, Латвия жана Литванын НАТОго кабыл алынуусу менен Беларустун Батыштык блок менен чегарасы болуп көрбөгөндөй узарды.

XS
SM
MD
LG