МАНИЛА. Филиппинде жана Тайванда капсалаңдан 37 киши набыт кетти, дагы 13 киши кабарсыз жок болууда. Бул чөлкөмдө жааган нөшөрлөгөн жаан суулардын ташкындоосуна алып келди. Филиппинде топон суунун келтирген зыяны 20 миллион доллар, ал эми Тайванда, бери дегенде, 15 миллион доллар менен өлчөнүүдө. Капсалаң Түштүк Кореяны көздөй баратат.