Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Шринагардагы терактта 2 киши курман болуп, 40тан ашыгы жаракат алды


НЬЮ-ДЕЛИ. Индиянын Кашмир штатындагы Шринагар шаарынын чоң базарында жардырылган бомбадан 2 киши курман болуп, 40тан ашык киши жараат алды. Жардыргыч мөмө-жемиш саткан соодагердин арабасына орнотулган экен. Жардыруунун жоопкерчилигин эч ким өзүнө алган жок. Полиция акыркы жумада жасаган жардыруулары менен козголоңчулар чөлкөмдөн туристтерди качыргысы келип жатканын айтышат. Жума күнү Кашмирде жасалган бир катар куралдуу кол салуулардын натыйжасында 17 киши набыт кетти. Ал эми бүгүн Кашмирдин кишилер жык толгон базарында коопсуздукту көзөмөлдөп турган аскердик топко бир адам гранат ыргытты. Андан үч солдат жана 20 чакты карапайым жаран жарадар болду.

XS
SM
MD
LG