Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Ооганстанда шайлоону тынч өткөрүү үчүн 10 миң аскер керек болот


БЕРЛИН. Ооганстандын өкмөтү сентябрда боло турган шайлоонун тынч өтүүсүн камсыз кылуу үчүн ага 10 миң бейпилдик аскер керек боло турганын билдирди. Бул жөнүндө өлкөнүн кайра куруу министри Амин Фархаң Германиянны Дойчланд Радиого берген интервьюсунда айтты. Министрдин айтымында, мынча аскер шайлоо өткөрүү убактысында керек болот, ал эми шайлоонун өзүн уюштуруу үчүн өлкө 50 миллион доллар менен өлчөнгөн жардамга муктаж. Өткөн айдын соңунда НАТО Ооганстанда азыр кызмат өтөп жаткан алты жарым бейпилдик аскерине кошумча күч жибере турганын билдирген. НАТО Ооганстандагы эл аралык бейпилдик күчтөрдүн командачылыгын өткөн жылы өткөрүп алган.

XS
SM
MD
LG