Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Россия менен Түштүк Корея Корей жарым аралын ядролук куралдан эркин кылууга макулдашты


СЕУЛ. Россия менен Түштүк Корея Корей жарым аралын ядролук куралдардан эркин кылууга макулдышты. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пан Ги Мун менен өткөн сүйлөшүүдөн кийин Россиянын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров буларды айтты:

- Түндүк Кореянын ядролук программасына байланышкан жагдайды жөнгө салуу боюнча жүрүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн максатка жетишин, Корей жарым аралынын ядролук куралдан эркин болуусунун, ошону менен бирге эле, Түндүк Кореянын коопсуздугу кепилденип, ага социалдык-экономикалык көмөк көрсөтүлүүсүн каалайбыз.

Ал эми Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пан Ги Мун анын өлкөсү Россиядан Түндүк Кореяга кысым жасап, аны ядролук программасынан баш тартууга көндүрүүсүн өтүнгөнүн, бул Түндүк Кореянын коопсуздугуна кепил болуу үчүн зарыл шарт экенин айтат.

XS
SM
MD
LG