БИШКЕК. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулукка белгилүү «Альфа» атуу атайын бөлүмүнүн төрт кызматкерин камакка алды. Алардын арасында «Альфа» бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Акылбек Карасартов, Улуттук коопсуздук кызматынын катардагы кызматкерлери Абдижалил уулу чынгыз, Алекстандр Храпачев, Шералы Салаков бар. Кармалган атуулдарга карапайым «атуулдарды тоногон» деген айып коюлууда. Бул тууралуу «Кыргыз инфо» маалымат агенттиги жазып чыкты.