Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Кыргыз-Орус президенттери эмне тууралуу сүйлөшкөндүгү коомчулукка маалымдалган жок


БИШКЕК. Кыргыз президенти Аскар Акаевдин Орусияга болгон иш сапары жекшемби күнү соңуна чыкты. Президенттин маалымат катчысы Абидил Сегизбаевден алынган маалыматка караганда, иш сапары учурунда Аскар Акаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жекеме-жеке бир жарым саат бою сүйлөшүү өткөрдү. «Жолугушуу жекеме-жеке өткөрүлгөндүктөн анда эмне тууралуу сөз болгондугун ачык айта албайм» деп кошумчалады Абдил Сегизбаев. «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, Аскар Акаев Москвага Владимир Путиндин чакыруусу менен КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн барган.

XS
SM
MD
LG