Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Корей аралынын макамы каралууда


Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Сеулдан Түндүк кореяга сапар алды. Анын максаты Пхеньяндын өзөктүк программасынын тегерегиндеги чатакты дипломатиялык жолдор менен чечүүгө жетишүү. Кечээ Сергей Лавров Түштүк Кореянын Тышкы иштер минитсри Пан Ги Мун менен жолукту. Эки тарап Корей жарым аралынын өзөктүк куралсыз макамын камсыз кылуу жаатында кызматташтык боюнча келишишти. Сергей Лавров алты мамлекет тең келишкенден кийин Түндүк Кореянын коопсуздугу жана экономикалык турутуулугу үчүн кепилдик берилет деп билдирди. Бул багыттагы соңку сүйлөшүү АКШ, Кытай: Жапония, Орусия жана Түштүк Корея жана Түндүк Кореянын катышуусу менен Пекинде болгон. Эми бул алты мамлекет бул маселе боюнча кайра сентябрда жолугушуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG