Иран менен Сириянын мамлекет башчылары бүгүн Ирактан эл аралык куралдуу күчтөрдү алып чыгып кетүүгө чакырды. Тегеранда өткөн маалымат жыйынында Ирандын президенти Мухаммад Хатами Америка Ирактан чыгып кетип, бийлик өз колуна берилгенде гана Ирак кризиси жоюлат деген турумду бул эки өлкө тең карманарын билдирди. Анын айтымында, АКШга караганда Иран менен Сирия Иракта коопсуздук камсыз кылып жана деморкатия курууда көбүрөк рол ойнойт. Сириянын президенти Башар ал Ассад Иранда эки күндүк ырасмий сапар менен жүрөт.