Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Ирактагы барымтада жоокердин тагдыры белгисиз


Ирактагы өзүн “Жей Ансар ас Суна” деп атаган экстремисттик топ барымтада жаткан америкалык деңиз жоокеринин башы алынганын билдирди. Бул маалымат интернеттеги ислам баракчаларына да жарыяланды. Ал эми Багдаддагы Ливандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү да Васеф Али Хассун аттуу жерлиги ливан болгон бул америка жоокеринин өлүмүн тастыктаган жок. Ливандын Тышкы иштер министри Жон Обейид бул окуяны ташбоор, динсиз жана адамзатка каршы жорук катары баалап, бирок жоокердин өлгөнүн барымтачылар гана айтып жатканын билдирди. Ал эми барымтадагы аскердин агасы Сами Хассун мындай билдирүү жасады:

- Саламалейкум. Бардык мамлекеттердин элчиликтерине кайрылам. Менин бир тууганымды бошотконго жардам беришинерди суранам. Ал кызматын өтөп жаткан, эч кимге жамандык кылган эмес. Анын эч кандай күнөөсү жок. Ал жөн гана өз милдетин өтөп жаткан, анын ордунда ким болсо да ошондой кылмак, - деди барымтадагы аскердин агасы.

Ирактын Баакуба шаарында бүгүнкү жардырууда үч адам набыт болду. Жардырчу зат Ирактын улуттук гвардиясы жайгашкан имараттын тушуна коюлган. Ирак бийлиги кечээ “ал –кайидага” жана башка согушчан топторго тиешеси бар 9 адам колго түшкөнүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG