Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:01

Кыргызстандын парламентинин Эл өкүлдөр жыйынынын 20 сессиясы шейшемби күнү өз ишин улантат


Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары бул жолку отурумда өлкөнүн Жогорку сотунун төрт, беш областтык, төрт шаардык жана 30дан ашуун райондук соттордун судьяларын жана Экономика, тышкы соода жана өнөр жай министрин дайындоого макулдук беришет. Эл өлкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматынын жетекчиси Ырыс Осмоналиевадан алынган маалыматка караганда, депутаттар судьяларды жана министрлерди бюллетень салып, жашыруун добуш берүү аркылуу шайлашат:

- Күн тартибинде мамлекет башчысынын сунушу менен 40тан ашуун судьяны бекитүү жана мурда шайланбай калган министрди дайындоого макулдук берүү маселеси бар. Өзүңөргө маалым мурдагы сессияда депутаттар Амангелди Муралиевди Экономика, тышкы соода жана өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдугун бербей коюшкан. Бул жолу кандай болот аны шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт,-дейт Эл өкүлдөр жыйынын басма сөз кызматынын башчысы Ырыс Осмоналиева.

Анын айтымына караганда, Эл өкүлдөр жыйынынын бул жолку сессиясынын күн тартибине 98 маселе каралаары пландаштырылган. Судьяларды шайлаган соң, Улуттук банк төрагасынын 2003-жыл үчүн отчету угулат. Андан соң депутаттар жайкы эс алууга тарашат.

Таңкы жаңылыктарды Азиза Турдуева Прага шаарынан даярдады.

XS
SM
MD
LG