Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Суданда араб согушчандары куралсыздандырыла баштады


Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осман Исмаил өлкөнүн Дарфур провинциясындагы араб согушчандарынын топтору куралсыздандырыла баштагандыгын билдирди. Анын айтымында, бул багытта иш жүзүндө ийгиликтер орун ала баштады. Ал эми 1-июлда Судандын Дарфур провинциясында АКШнын мамлекеттик катсычы Колин Пауэлл жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан болуп кайтышкан.

Кофи Аннан Судан бийликтерин араб согушчандарынын кара африкалыктарды кырып тоноосун токтотууга чакырган. Колин Пауэлл Вашингтон тез арада аймакка эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын киргизилишин жана араб согушчандарынын куралсыздандырылышын каалайт деп билдирген. Ошону менен бирге, АКШнын мамлекеттик катчысы жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Судандын өкмөтүнө Дарфурдагы кризисти жеңилдетүү боюнча аракеттер көрүлбөсө, уюмдун Коопсуздук Кеңеши катаал чара көрүшү мүмкүндүгү жөнүндө да эскертишкен. Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдардын маалыматтарына караганда, жанжавиддер катары белгилүү болгон араб согушчандары Суданда араб тилин экинчи тили катары тааныган кара түстүү 1 миллионго жакын дарфурлуктарды жер которуп качууга мажбур кылышкан. Суданга коңшулаш Чаддын президенти Идрис Дебунун маалыматтарына караганда, өлкөдө азыр бери дегенде 120 миң Дарфур провинциясынан келген качкын бар.

XS
SM
MD
LG