Бүгүн Индонезиянын тарыхында алгачкы ирет президентти түз шайлоо өтүүдө. Буга чейин 2002-жылы өлкөнүн баш мыйзамына толуктоолор менен өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин, Индонезиянын президенти парламенттин жогорку палатасы тарабынан шайланган. Президенттик шайлоого катышууга 150 миллионго жакын шайлоочу катталды. Жалпысынан президенттикке беш талапкер ат салышууда. Алардын ичинде Индонезиянын азыркы президенти Мегавати Сукарнопутри, өлкөнүн мурдагы коопсуздук министри Бамбанг Юдхойоно жана башкалар бар. Эгерде президенттикке талапкерлердин бирөө да шайлоочулардын 50 пайыздан ашуун добушун ала албаса, президенттик шайлоонун экинчи айлампасы ушул жылдын сентябрь айында өтөт. Индонезиянын вице-президентин да эми парламенттин жогорку палатасы эмес, эл өзү шайлайт.