Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Ирактын премьер-министри куралчан топторго кайрылуу жасады


Ирактын премьер-министри Ийад Аллави өлкөдөгү куралданган топторду куралсызданууга чакырып кайрылды. Аллави Американын Эй-Би-Си телеканалына берген маегинде, мындай кайрылуусун өлкөдөгү шииттердин лидери Мохтада ас-Садрды колдогон радикалдуу куралчан топторго да жолдогондугун билдирди. Ас-Садрдын тарапкерлери Ирактын түштүк жана борбордук аймактарында америкалык аскердик күчтөргө каршы козголоңун ушул жылдын жазында баштаган. Ирактын премьер-министри эгерде шииттердин лидери Мохтада ас-Садрдын аскердик топтору куралсызданса, ас-Садр Ирактын саясий турумушуна аралашышы мүмкүн дегенди кыйыр түрдө билдирди.

 

XS
SM
MD
LG