Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Иракта барымтага алынган жоокердин тагдыры белгисиз бойдон калууда


Ирактагы өзүн «Ансар ас-Суна» деп атаган экстремисттик топ барымтада жаткан америкалык деңиз жоокери өлтүрүлдү деген маалыматын кайрадан төгүнгө чыгарды. Кечээ мындай маалымат интернеттеги ислам баракчаларына чыгарылган эле. Васеф Али Хассун аттуу ливандык атуул июнь айында Ирактын Фаллужа шаарына жакын жерде дайынсыз жоголгон. Бирок Ливандын Багдаддагы дипломатиялык өкүлчүлүгү да, кечээ Американын Васеф Али Хасун аттуу жоокеринин өлүмүн тастыктаган эмес. Ал эми барымтадагы жоокердин агасы Сами Хассун кечээ бардык мамлекеттердин элчиликтерине бир тууганын бошотконго жардам сурап кайрылган.

XS
SM
MD
LG