Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

ЖОЛДУ ЖЕКЕ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮДӨН ЭМНЕ УБАЙ ТАБААР ЭКЕНБИЗ?


Жакында Кыргызстандын парламенти жаңы курула турган жолдорго акы киргизүүнү караган мыйзамды биринчи окулушунда кабыл алды. Ошол тушта 20 чакты депутат өлкөдө мекчиктештирүү адилетсиз жолдор менен ишке ашып келатканын эскертип, президент Акаевге кат жолдошту.

Кыргызстанда коомдук транспорт дээрлик жоюлуп, бул тармактан мамлекет эбак четке чыга бергенде, эл жапырт машина минүүгө аргасыз болгон. Эми өкмөт жолдорду жеке менчикке өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты.

Жолду жеке мечиктештирүү элге канчалык керек? Аңгек-дөңгөк жолдордо машинасы улам сынып, кыйналган айдоочулар жол жеке колдо болсо сапаты оңолот беле деп үмүттөнүшөт. Ошол эле мезгилде, иштин көбү жең алдынан бүткөрүлгөн мамлекетте жол ээлери өз билгениндей баа бычып, элдин жонунан кайыш тилбейт деп ким кепил боло алат?!

Жолду жеке менчиктештирүүнүн жол-жобосун жеке менчик жолдордо машина айдаган европалыктардан жана адистерден сураштырдык. Алды менен Кыргызстандын өзүндө кандай сөз болуп жатты экен, ушуга токтололу. Бишкектен Замира Кожобаева шаар тургундарынын пикирин сурамжылады:

- Ошентип, жолду жеке мениктештирүүнү Бишкектин айрым тургундары колдосо, башкалары караманча каршы чыгышууда. Анда Кыргызстандын башкы жолчусунун сөзүн угуп көрөлү. 22-июнда парламенттин мыйзам чыгаруу палатасында өкмөттүн мыйзам долбоору менен Транспорт жана байланыш министри Кубаныч Жумалиев тааныштырды.

Кыргызстанда 36 миң чакырым жол бар. 700 миллион сом жол салыгы аны сапаттуу деңгээлде кармап турууга жетишпейт. Жумалиевдин сөз кыязында Кыргызстандын ири кан жолдору эч качан жеке менчикке өткөрүлбөйт.

Жумалиев ошондой эле жаңы салынган жолго төлөнө турган акыны жол ээлери өздөрү аныктайт деди. Демек, мындай олуттуу маселеде жергиликтүү тургундардын, жалпы эле жарандардын пикири эске алынбайт.

Депутаттардын айрымдары да жолго жеке менчик укугун киргизүү мамлекеттик жолдорду менчиктештирүүгө алып келет деген кыжалат ойлорун айтышты. Бирок колго сала келгенде, мыйзам биринчи окулушунда өтүп кетти.

Жаңыл Жусубжан:

- Жеке менчик жолдор дүйнөлүк практикада да кездешет. Кошмо Штаттарынын түндүк-чыгышында, Европанын бир топ өлкөлөрүндө автомобилисттер мерчемдүү жерлерде жол акысын төлөшөт. Анда, европалык машина айдоочунун сөзүнө кулак салсак. Турсун Олжурова Францияда бир топ жылдардан бери жашайт:

- Франция менен Германияны салыштырсак, Францияда чоң жолдор жеке менчикте. Бул жолдор жакшы, биз төлөйбүз. Автотрассада кириш-чыгышы бар. Мисалы, бир шаардан кирип, экинчи бир шаардан чыксаңыз ошол аралык үчүн төлөйбүз.

СУРОО: Олжурова да Германияда жолдор бекер болгону менен, сапаты мыкты экендигин бышыктады:

Турсун Олжурова: Германияны билген француздар немистердин жолдору жакшы деп айтышат.

СУРОО: Францияда чоң жолдор жеке менчикте болсо, ал эми начар турмушта жашагандар кантет?

Турсун Олжурова: Шашкан кишилер чоң жол менен кетет. Ал жолдордо саатына 130 чакырым ылдамдыкта жүрүш керек. Мамлекеттин карамагындагы жолдордо бул чек - 90 чакырым. Шашкандар чоң жол менен кетет, шашпагандар улуттук жол менен бекер жүрөт.

Олжурова да Кыргызстанда жолго акы киргизилсе, көпчүлүккө оорчулук түшөт деп эсептейт:

Турсун Олжурова: Ал эми биздин элди ойлосок, кыргыздардын турмуш деңгээли өтө төмөн, жумушсуздук жогору, элге кыйын болуп калат деп ойлойм.

СУРОО: Кыргызстанда айрымдар буга чейин курулган жолдорду да жеке менчиктештирип алгысы келгендер ушул мыйзамды киргизип жатышат деп шектенишүүдө. Кыргызстандагы коррупциянын деңгээлин эске алганда, чынында эле ушундай болбойт деп ким кепил боло алат? Буга сиздин пикириңиз кандай?

Турсун Олжурова: Бул маселени балким референдумда чечиш керек. Ар бир адам өз оюн билдире алгыдай болуш керек.

СУРОО: Жолго жеке менчик киргизүүнү референдумга алып чыккандай, ушунчалык маанилүү маселе деп эсептейсизби?

Турсун Олжурова: - Бул өтө маанилүү маселе! Эгер бардык Борбор Азия республикаларын салыштыра турган болсок, Кыргызстан жеке менчикке тез өтүп кетпедиби. Ошондуктан, өлкөнү Дүйнөлүк Банктын эң шыктуу шакирти деп жатышпайбы. Бирок эгер биз карапайым кыргыздарды алсак, алар абдан запкы чегип калды. Канткен менен, жолду бардыгы пайдаланышат да.

Бул европалык машина айдоочулардын пикири болду, эми адисти угуп көрөлү. Петр Штепанек - Богемиянын Жашыл жолдору деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси, ал ошондой эле, Прага шаарынын райондук кеңешинин депутаты.

Штепанектин айтымында, жолду жеке менчикке өткөрүү инвестиция тартуу максатын көздөгөн чара, бирок жол акысы элдин катышуусу менен аныкталып, түшкөн кирешенин бир бөлүгү коомдук транспортко бөлүнүшү керек:

Петр Штепанек: Жеке менчик жолдор Кошмо Штаттарынын түндүк чыгышында көп. Ал жакта коммерциялык ишканалар жолдорду толугу менен инвестициялашат, курулгандан кийин анын пайдаланышы үчүн акы алышат. Жол акысы көзөмөл органы тарабынан, коомдук угууларда аныкталат. Алынган кирешенин бир бөлүгү коомдук унаа тармагына же мамлекеттик бюджетке түшөт.

СУРОО: Жеке менчик жолдор жергиликтүү калктын турмуш деңгээлине кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Петр Штепанек: Жолдор мамлекеттин көзөмөлүндө болобу, жеке менчик болобу, жергиликтүү калк баары бир акы төлөйт. Анткени алар мамлекеттик жолго салык төлөйт. Бирок эгер алтернативалык бекер жол жок болсо, жеке менчик жол өткөн жерде жашаган жарды адамдардын турмуш деңгээлине терс таасир тийгизиши мүмкүн.

СУРОО: Мындай оорчулукка жол бербөө үчүн альтернативалуу жолдун болушу зарыл экен да?

Петр Штепанек: Жолго акы төлөнгөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө акы төлөнгөн жол менен катар, коомдук жол тармагы болушу керек. 16 миллион киши жашаган Нью-Йорк штатында деңизден түндүк батыштагы тоолуу аймакка баргыңыз келсе, ар дайым бекер жүргөн жолдор бар. Бирок бул жолдордо кыймыл жай, ошондуктан узагыраак жол жүрөсүз.

СУРОО: Жеке менчик жолдун акысын ким аныктайт? Ошол жерде жашаган элби же азыр Кыргызстанда жаңы мыйзамда айтылганда, жол ээси бааны өзү бычып, ошону элге таңуулайбы?

Петр Штепанек: Жол акысы курулушка уруксат бериле электе, экономикалык пландоонун мезгилинде эле аныкталат. Ошондой эле келечекте акы кандай өсөөрүн аныктоонун мехамизми болушу керек. Мындан тышкары пландалган жолдун боюнда жашаган жамааттарда коомдук угуулар өтөт. Ар бир жаран өз суроолоруна жооп алууга укуктуу. Ал эми уюштуруу комиссиясы бардык жарандардын суроолоруна жооп берип, алардын талаптарын угушу керек.

СУРОО: Демек жергиликтүү тургундар жолдун курулушун пландоонун мезгилинде эле бул маселеге кийлигишип, чечим кабыл алууга катышышы зарыл турбайбы?

Петр Штепанек: Ооба, бул процесс ачык болуп, жарандардын чечим кабыл алууга катышуу укугуна негизделиши керек.

СУРОО: Сарпталган инвестиция өзүн актагандан кийин, мындай жолдор жеке колдо калып, жеке адамдарга пайда алып келе береби же, коомдук менчикке берилеби?

Петр Штепанек: Көбүнчө жеке колдо кала берет. Инвестиция кайтарылып бүткөндөн кийин, түшкөн кирешенин улам көбүрөөк бөлүгү жергиликтүү бюджетке төлөнөт. Айрым жерлерде кирешенин бир бөлүгү коомдук транспортту каржылоого жумшалат. Мисалы, Лондондо жеке менчик жолдордон түшкөн киреше толугу менен коомдук транспортту өнүктүрүүгө берилет.

СУРОО: Калкынын басымдуу бөлүгү жарды, ал эми өкмөттө коррупция терең тамыр алган өлкөлөрдө мындай системаны саналуу адамдар өз кызыкчылыгында пайдаланып кетүү коркунучу канчалык деп ойлойсуз?

Петр Штепанек: Телекоммуникация же кен казуу өнөр-жайында расмий органдар элдин кызыкчылыгын коргой албаган, же ишенимге ээ боло албаган өлкөлөрдө жолду жеке менчикке өткөрүү да каалагандай жыйынтык бербеши ыктымал. Мисалы, мындай жолго ээлик кылган ишкана эрежелерди көзгө илбей, жол акысын көбөйтүп жибериши мүмкүн. Мен Кыргызстандагы кырдаалды билбейм, бирок мурдагы Югославия өлкөлөрүнө барганымда, телефон байланышы өтө кымбат экенине күбө болдум. Көзөмөл бийликтери иштебейт, анткени алар телекомккуникация ишканаларынан пара алышат болуш керек. Же ошол эле кен тармагында кен казууга уруксат берген комитет бар. Анын сөзү да өтүмсүз. Ошентип, жеке жолдун баасын көзөмөлдөгөн орган болгон күндө да, бааны асмандатып жибергиси келген компаниялар бул органды оңой эле паралат коюшат.

Айтмакчы, Чехияда жакында баш калаа Прагада акы төлөнүүчү жол куруу демилгеси болуп, бирок жергиликтүү калк каршы чыккандыктан, ал демилге ишке ашпай калды.

Ошентип, сөзүбүздү жыйынтыктасак, жолду жеке менчикке өткөрүү - бул жол тармагын өнүктүрүүгө инвестиция тартуунун аргасы. Эл аралык практикада жол ээлери төлөгөн салык мамлекеттик бюджетке түшүп, бир бөлүгү жолдорду кармоого жумшалат. Демек эгер мындай система ойдогудай ишке ашса, жолдор узарат, көбөйөт жана сапаты жакшырат. Бирок биздин бүгүнкү респондеттердин көпчүлүү бийликтер элдин кызыкчылыгын коргой албаган, эл жарды, өкмөттү коррупцияга баткан шартта жолго жеке менчик киргизүү же жол акысын аныктоону жол ээлерине берүү карышкырга кой кайтартуу менен барабар деген кыяста тынчсыздануу билдиришти. Албетте, бул маселеге тыкыр коомдук көзөмөл болуп, жергиликтүү тургундар өз укуктарына кайдыгер карабаса, карышкыр да ток, койлор да аман калышы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG