БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия боюнча консультанты Ширин Акинер менен жолугушту. Жолугушууда эмдиги жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолорго даярдыктын жүрүшү жана шайлоочулардын өз укук, милдеттери менен тааныштыгы тууралуу сөз жүрдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, шайлоого даярдыктын жүрүшүнө бир катар эл аралык уюмдар кызыгып, буга чейин алардын жетекчилери менен жолугушуулар болду. Маселен, Эл аралык шайлоо системасынын директору Чедомир Флего менен жолугушууда Сулайман Иманбаев жергиликтүү шайлоо органдарына кабарлабай туруп айрым эл аралык уюмдардын шайлоого даярдык көрүү процессине кийлигишип жаткандыгына тынчсыздануусун билдирген. Андан тышкары шайлоого чейин жаңыртылган Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык жаңы жоболор иштелип чыгаарын кабарлаган.