Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Азия өнүгүү банкы долбоордун ишке ашышына ыраазы


БИШКЕК. Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандын билим берүү тармагын жакшыртууга багытталган узак мөөнөттүү долбоору аяктады жана банктын текшерүүчү миссиясы долбоор ишке жакшы ашты деген баасын берди. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү министринин орун басары Анатолий Иванников билдирди. Анын маалыматына караганда, 1998-жылы башталган долбоор үчүн банк 13 миллион 800 миң доллар берди. Ага 100 наамдан ашык 3 миллион 300 миң нускадагы окуу китеби чыгарылды. Андан тышкары 56 орто мектеп жаңы окуу технологиясы менен ыкмасын жайылта турган үлгү мектеп катары тандалып алынып, ал мектептерде ресурстук борбор түзүлдү. Өлкө боюнча 42 мектеп ремонттон өткөрүлүп, 150 мектептин жылытуу системасы жакшыртылды. Долбоордун алкагында 45 миң мугалим квалификациясын жогорулатуу курстарынан билим алышты.

XS
SM
MD
LG