Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Президент жана өкмөт аппаратынан кармалгандар жок


БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан мамлекеттик сырды ачкан деп өткөн жумада кармалгандардын арасында президенттин жана өкмөттүн аппаратынын бир да кызматкери жок. Бул тууралуу бүгүн президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаков билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын күнөөсү бар-жоктугун тийиштүү органдар аныктоого тийиш. Ал эми бул маселе боюнча дүйшөмбү күнгө белгиленген маалымат жыйынын белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырылганын Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты. Коопсуздук кызматтын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов мамлекеттик сырды ачып койгондугуна байланыштуу 10 чакты кызматкердин кармалганын өткөн жумада ырастаган эле.

XS
SM
MD
LG