Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Монтана штатынын делегациясы Нарынга да барды


НАРЫН. 5-июль күнү курамына Монтана университетинин окутуучулары, аталган штаттын Улуттук гвардиясынын өкүлдөрү кирген делегацияны штаттагы Грейдфорд шаарынын менеджери Джон Лоутон жетектеп келди. Мындай маалымат Нарын мамлекеттик университеинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Карпековдон алынды. Меймандарды губернатор Аскар Салымбеков кабыл алып, облустун географиялык жана социалдык-экономикалык ал-абалы менен тааныштырды. Жолугушууда Грейтфорд жана Нарын шаарларынын өз ара байланышы үзгүлтүксүз улантылып жаткандыгы белгиленди. «Меймандар Нарын мамлекеттик университети менен кеңири таанышып, андан соң Атбашы районунун фермердик жана дыйкан чарбаларында болушат»,- дейт Таалай Карпеков.

XS
SM
MD
LG