Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

КЫРГЫЗСТАНДА АЙЫКПАС ДАРТКА ЧАЛДЫККАНДАРДЫН ТАК САНЫ БЕЛГИСИЗ


5-июлда Бишкекте «СПИД жана азыркы замандагы эстетикалык стоматология» деген аталышта үч күнгө созулчу эларалык семинар ишин баштады. Ага кыргызстандык жана израилдик дарыгерлер катышууда. Иммун таңкысы жугуштуу дартына чалдыккандардын саны жыл сайын дүйнөдө 14 000 адамга көбөйүүдө. Кыргызстанда андай оорулуу адамдардын саны 562 жетти. Адистер дартка чалдыккан кишилер мындан 10 эсе арбын деген пикирде.

Кийинки үч жылда адамдын иммун таңкысы вирусун жуктуруп алгандардын саны он эседен ашуун өстү. 1987-жылдан 2000-жылга чейин айыкпас дартка Кыргызстанда 53 адам чалдыкса, үч жылдан соң бул көрсөткүч 441 жетип, быйылкы жылдын 1-июлуна карата 562 чыкты.

- Биз үчүн СПИД - дарылоосу кыйын оорулардын бири, келечектин кендирин кесе турган илдет катары коркунучтуу. Биз бул жыйынды Глобалдык фонддун каржылоосунда өткөрүп жатабыз. Кыргызстандын саламаттык сактоосу ВИЧ/СПИД, өпкө оору, безгекке каршы күрөшүү долбоорун ишке ашырууга ири өлчөмдөгү грант алды,- деп маалымдады республикалык СПИД борборунун жетекчиси Борис Шапиро.

Эларалык жыйынга катышып жаткан Израиль дарыгерлеринин тобунун жетекчиси доктур Борис Бернер иш сапардын максаты тууралуу мына буларды айтты:

- Биз бул жерге «СПИД жана азыркы эстетикалык стоматология» деген аталышта практикалык семинар өткөрүү үчүн келдик. Семинарды Израилдеги «Барзелай» борборунун башкы илимий адиси, дарыгерлердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү эларалык борборунун жетекчиси доктур Ури Зильберман өткөрүүдө. Айтса, медицина доктору Зильберман Израилдеги стоматология боюнча ири адис. Семинар жугуштуу дарттан сактануунун жолдору тууралуу адистерге пайдалуу кеп-кеңештерди берет деген ойдобуз. Бул жерде айтылгандар алардын ишине көмөгүн көргөзөт. Семинар үч күнгө созулат,- деп айтты Борис Бернер.

Анын ырасташынча, израилдик дарыгерлер Бишкектеги биртоп дарылоо мекемелеринде болуп, жугуштуу дарттан сактануу жолдорун айтып беришмекчи. Израилдик дарыгерлер азыркы замандын эң мыкты эстетикалык стоматологиялык жабдууларын алып келип, аларды пайдалануу ыкмасын көрсөтүүгө ниеттенишүүдө.

Борис Бернер Израилде иммун таңкысы вирусун жуктуруп алган бир жарым миңге жакын киши бар экенин маалымдады. «Бул 7 миллион калкы бар Израиль үчүн жакшы эмес», дейт ал.

- Бизде баары жаман деп айтышка ооз барбайт, жакшы деп айталбайм. СПИД тууралуу жакшы же жаман деп айтпаш керек. Дартка чалдыгуунун жолдору көп. Жыныстык катнаш аркылуу оорулуулардын болжол менен 15% илдетти жуктуруп алат. Көбүнесе ийне аркылуу жугат. Ийне сайынгандар баңгиликти гана жайылтпастан, иммун таңкысы вирусун таратышат, аягы өпкө оору менен бүтөт. Мына ушул үчүлтик менен аянбай күрөшүү керек,- дейт республикалык СПИД бирикмесинин жетекчиси Борис Шапиро.

- Глобалдык фонддун өпкө оору, безгек, СПИДге каршы күрөшүү долбооруна чегерилчү каржынын алгачкы бөлүгүн алдык. Бул 283 миң АКШ доллары. Глобалдык фонд аны эмнеге пайдалануунун багытын аныктап берген. Биз адистерди чогултуп аларга керектүү маалыматтарды берүү аракетин жасайбыз. Алар вирусту жуктурбаш үчүн болгон аракетти жасашы керектигин түшүндүрөбүз,- дейт Глобалдык фонддун координатору Галина Пылайкина.

20 жылдан ашуун адамзатты түйшөлтүп келаткан СПИД проблемасы Кыргызстанда да курч бойдон калууда. «Джи Си Европа» эларалык борборунун жетекчиси Борис Бернер айыкпас дарттан сактанышты билиш үчүн эки өлкө дарыгерлери өз ара тажрыйба алып турушу керек дейт. Кыргызстандын СПИД бирикмесинин жетекчиси Борис Шапироун ырасташынча, ортодогу байланыштын жакшы болбой жатканы дарыгерлердин ыкшоолугуна байланыштуу.

XS
SM
MD
LG