Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Аңкор ибадатканасы ЮНЕСКОнун коркунуч тизмесинен чыгарылды


Камбоджада Аңкор Ват ибадатканасын жок болуп кетүү коркунучуна туш келген дүйнөлүк мурастардын тизмесинен алып салуу тууралуу чечим уюмдун Дүйнөлүк Мурас комитетинин жыйынында кабыл алынды. Бириккен Улуттардын Билим берүү, илим жана маданият уюмунун жыйыны Кытайдын Сужоу шаарында өттү. Тизмеден ошондой эле Омандагы Бахла тосмосу жана Угандадагы Рвен Зори Тоолуу Улуттук паркы чыгарылды.

ЮНЕСКОго ылайык, ийгиликтүү жүргүзүлгөн кайра калыбына келтирүү иштеринен кийин, ошондой эле башкаруу жана коопсуздук чаралары жакшырганына байланыштуу, аталган жайлар тизмеден алынып салынды. БУУнун жок болуп кетүү коркунучуна туш келген мурастар тизмесинде учурда 33 жай, анын ичинде 800 турак-жай бар. Бул тизме жакында кыргыздар 12 ирет эскерилген Монголиядагы Орхон эстеликтери жана башка бир нече жай менен толукталган.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Жаңыл Жусубжан Прагадан даярдады.

XS
SM
MD
LG