Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Гректер Европа футбол мелдешинде чемпион болгондугун майрамдашууда


Майрамга бүт дүйнөдө миллиондогон гректер тартылды. Кечээки таймашта Греция Португалияны 1:0 эсебинде жеңип алды. Баш калаа Афиныда жана башка шаарларда көчөлөр шаңдуу уу-дууга толуп чыкты.

Кипрде жана дүйнөнүн башка жактарында да грек жамааттары үчүн бул күн чоң майрамдын күнү болду. Европанын чакан жана салыштырмалуу жакыр өлкөсү болгон Греция буга чейин эч качан ири мелдештерде биринчи орун алган эмес. Быйыл гректер алгач былтыркы чемпион Францияны, кийин дараметтүү чех командасын жеңип, Португалия менен финалга чыкты.

Ушул мүнөттөрдө белгилүү болгондой, грек командасынын капитаны 32 жаштагы Теодорос Зафо Ракис "2004-жылдын Европалык оюнчусу" деп жарыяланды. Чечим эл аралык машыктыруучулардан жана башка адистерден турган УЭФАнын техникалык изилдөө тобу тарабынан кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG