Жүргүнчүлөрдү ташып келаткан автобус бүгүн Индиянын түндүгүндө капчыгайга кулап түштү. Дагы 17 киши жараат алды. Полициянын билдиришинче, Пито Гарах курортунан Халд Вани шаарына баратканда автобус бузулуп, айдоочу чукул бурулушта рулду башкара албай калган.