Полиция Бакыдагы мечитке кечээ да намаздын убагында беш кишини кармап кетип, кайра бошоткон эле. Бүгүн полиция беш динзарды мечитке кире бериште камакка алды. 15-кылымдан бери турган мечитте полиция өткөн шаршембиде да тинтүү жүргүзгөн. Байкоочулардын айтымында, Жума мечитинин имамы Илгар Ибрахимоглу өкмөттү сындаган укук коргоочу болгондуктан, мечит бутага алынып жатат.