Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Слободан Милошевичтин соту кийинкиге жылдырылды


Югославиянын экс-президенти Слободан Милошевичтин үстүнөн козголгон кылмыш иштер боюнча Гаагада каралып жаткан сот жараяны кайрадан убактылуу токтотулду. Бул ирет да соттук териштирүү Милошевичтин саламаттыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Дарыгерлердин айтымында, Милошевичтин кан басымы өтө жогору жана ал инсультка учурашы ыктымал.

Бириккен Улуттары Уюмунун аскер кылмыштары боюнча Гаагадагы сотунда Милошевичтин иши боюнча сот жараянында төрагалык кылган судья Патрик Робинсон бул жагдайга байланыштуу мындай деди:

- Күнөөлөнүп жаткан тараптын ден-соолугунун начарлашына байланыштуу сот жараянынын жүрүшүн, анын тартибин өзгөртүүгө убакыт жетти, - деп айтты аскер кылмыштары боюнча сотунун судьясы Патрик Робинсон.

Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичтин үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча сот жараяны 2002-жылдын февраль айында башталган. Милошевич геноцид кылмыштарында, адамзатка каршы жана аскердик кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүүдө. Бирок экс-президент ага коюлган күнөөлөрдү четке кагып келет. Милошевич сот жараянында анын күнөөсү жоктугун далилдөөгө ниеттенүүдө. Ал сотко күбө катары АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтонду, Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэрди, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайтты жана башка өлкөлөрдүн расмий жетекчилерин чакырмакчы.

XS
SM
MD
LG