Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Ирактагы кырдаал оор бойдон калууда


Багдаддын батыш тарабында жайгашкан шаарга АКШ авиациясынын чабуулдарынан кеминде 10 адам набыт кетти. Кечээ Ирактын Бакуба, Баср шаарларында катуу салгылашуулар болду. Өлкөдөгү шииттердин лидери Моктада ас-Садр кечээ АКШ менен кызматташкан Ирактын жаңы өкмөтү мыйзамсыз экендиги, ошондой эле, мындан ары да коалициялык күчтөргө каршы күрөшүүнү уланта тургандыгын билдирген. Ал эми Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Ийал Аллави мындан эки күн мурда эле өлкөдөгү бардык куралдуу күчтөрдү, алардын ичинде Моктада ас-Садрдын жетекчилигиндеги радикал куралчан топторду да куралсызданууга чакырып, кайрылган. Моктада ас–Садрдын аскердик топтору Ирактын түштүк жана борбордук аймактарында америкалык аскердик күчтөргө каршы козголоңун ушул жылдын жазында баштаган. Ирактын убактылуу өкмөтү өлкөдө коопсуздук боюнча көрүлө турган иш-чаралар аптанын аягында жарыяланат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG