Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Жыйында экспорт маселеси талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөдө өңдүрүлгөн товарды сыртка экспорттоо маселесин талкуулаган «тегерек стол» жыйыны болду. Ага өкмөттүн, бейөкмөт уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Экспортту жогорулатууга негиз бере турган тышкы соода саясатындагы күтүүсүз учурлар, бажы, салык алуу, мыйзам чыгаруу жана инвестициялык абал талкууга алынды. Жыйында экспортту өнүктүрүү үчүн эң ириде экономиканы рынокко ылайык башкаруу, бажы, салык саясатын либералдаштыруу, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү жана укуктук базаны бекемдөө зарылдыгы белгиленди.

Өлкөдө өндүрүлгөн товар менен кызмат көрсөтүүнү чет өлкөгө экспорттоо боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу үчүн ушул жылдын март айында президенттин жардыгы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ экспортту өнүктүрүү багыттары менен мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп чыккан.

XS
SM
MD
LG