Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Эл өкүлдөрү министрлерди, сотторду дайындоо маселесин карады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны беш эларалык келишимди ратификациялады. Алардын ичинде Россиянын аскердик базасынын Кант аба майданында жайгашуусуна байланыштуу кыргыз-орус макулдашуусу да болду.
Андан кийин депутаттар Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана тышкы соода министрлигине Амангелди Муралиевди, Эл аралык байланыш жана интеграция министрлигине Тажимамат Шаболотовду, Жогорку Сотко жана жергиликтүү сотторго 30дан ашуун судьяны дайындоого макулдук берүү маселесин кароого киришти. Ар бир талапкер депутаттардын алдына чыгып, алардын суроолоруна жооп берди. Бюллетень салуу аркылуу добуш берүү шаршемби күнгө калтырылды.

XS
SM
MD
LG