Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:41

"Адилет шайлоо үчүн" бирикмеси жыйын курду


Бүгүн «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесининин координациялык жыйыны болду. Анда бирикменин ишин уюштуруу маселелери каралып, сентябрь айына чейин жасала турган иштери такталды жана аларды аткарууга тиешелүү адамдар милдеттендирилди.
Андан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясы менен Мыйзам чыгаруу жыйынына кайрылуу кабыл алынды. Анда шайлоонун ачык жана адилет өтүшү үчүн добуш берердин алдында ар бир шайлоочунун колуна боёк сүртүү жана бюллетендерди кош эсептен өткөрүү ыкмасын киргизүүнү сунушташты. Бирикменин координациялык кеңеши 8-июлда маалымат жыйынын өткөрүү чечимин жана андан кийин кеңейтилген жыйын өткөрүү чечимин кабыл алды. Анда Кыргызстандын тарыхында орду бар жана келечекке салым кошо ала турган 2-3 саясатчынын бирикме менен иштеше турган аракеттери талкууга алынат. Мындай маалымат бүгүн бирикменин координациялык кеңеш төрагасынын орун басары Адахан Мадумаровдон алынды.

XS
SM
MD
LG