Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Судандагы абал суй жыга турган болду


БУУнун баш катчысы Коффи Аннан Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү гуманитардык кризис бүтүндөй Африкадагы туруксуздукка алып келиши мүмкүн деген кооптонуусун билдирди. Аннан Аддис-Абебада өтүп жаткан Африка биримдигинин саммитинде материктин лидерлерине кайрылып, Дарфурдагы улуттар аралык кагылышты тез арада токтотууга кол кабыш кылууга үндөдү.
Африка биримдиги азырынча Суданга 300 кишиден турган бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү чечти. Алар ок атышпоо жөнүндөгү келишимдин аткарылышына жана качкындардын өз үйлөрүнө кайтарылышына байкоо жүргүзүп турмакчы.

XS
SM
MD
LG