БУУнун Ирактагы атайын өкүлү Лахдар Брахими Багдаддын убактылуу өкмөтүнүн кошуна мамлекеттерден аскер киргизүү сунушун кабыл албоо жөнүндөгү чечимин колдоду.
Амманда Иорданиянын өкмөт башчысы Файзал Файез менен болгон жолугушуусунан кийин Брахими коңшулар Иракка аскер жиберүүдөн башка деле олуттуу көмөк көрсөтө алышат деп билдирди.
Бүгүн эртең менен болсо НАТОнун расмий делегациясы Багдадда Ирактын убактылуу өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрдү. Топтун жетекчиси АКШлык адмирал Грегори Жонсондун айтымында, альянстын ролу Ирак бийлигинин өтүнүчтөрүнө жараша болот.
Делегация өлкөдөгү кырдаал менен таанышып чыгып, НАТОнун лидерлерине өз кеңештерин берет. Альянс Ирактын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн өзүндө эле НАТОнун коллективдүү миссиясы алдында машыктырылууга тийишби же НАТОго мүчө мамлекеттердин аймактарында гана даярдалышы керекпи деген суроо боюнча бир пикирге келе элек.