Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Салгылашууларда 7 киши окко учту


Бүгүн Наблус шаарында палестиналык 4 киши (алардын экөө - карапайым тургундар) жана израилдик бир аскер мерт кетти. Уруш Израил армиясы Наблус шаарындагы качкындар лагерлеринин биринде радикал согушкер катары шектелгендерди кармоо боюнча иш-чара өткөрүп жатканда тутанып кеткен.
Газада болсо израилдик аскерлер палестиналык куралдуу 2 адамды атып өлтүрүшкөн. “Ал-Акса бригадалары” менен “ал-Кудс” деген уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө алардын эки мүчөсү набыт болгону маалымдалат.
Анын аралыгында, Иерусалимде Жакынкы Чыгыш тынчтык жараянын талкуулоо үчүн БУУ, Евробиримдик, Россия жана АКШнын өкүлдөрү чогулушту. Жыйындан кийин пресс-конференция пландалган эле, бирок аймактагы кооптуу кырдаалдан улам маалымат жыйыны болбой калды.

XS
SM
MD
LG