Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Жон Керри утса Жон Эдвардсты вице-президенттикке сунуш кылат


АКШнын президенттигине талапкер демократ Жон Керри эгер утсам вице-президенттикке талапкер катары сенатор Жон Эдвардсты сунуш кылам деп билдирди. Бул жөнүндө Керри бүгүн Питтсбург шаарындагы колдоочулары менен жолугушуусунда жарыялады:

- Сиздердин жардамыңыздар менен түндүк каролиналык сенатор Жон Эдвардс Америка Кошмо Штаттарынын келээрки вице-президенти болуп калмакчы.

Эдвардс 51 жашта, кесиби - юрист. Демократтардын чөйрөсүндө анын президенттикке талапкер катары катталуу үчүн жүргүзгөн баштапкы шайлоо өнөктүгү кыйла оптимисттик маанайда болгонун белгилешет. Эдвардс президент Буштун экономикалык саясатын катуу сындап келген.

Массачусетс штатынан шайланган сенатор Жон Керри жана түштүктүк Жон Эдвардс 2-ноябрдагы президенттик шайлоодо Ак Үйдүн азыркы кожоюну Жорж Буш менен вице-президент Дик Чейнинин атаандаштарынан болоору күтүлүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG