Бишкек. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Амангелди Муралиевди Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана тышкы соода министрлигине дайындоого макулдук берүү маселесин ушуну менен экинчи жолу талкуулап, бүгүн жашыруун добуш бермекчи. Маселени кароого сунуштаган Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Валерий Дилдин айтымында, палата бул жолу Амангелди Муралиевдин талапкерлигин колдойт деген ишеним бар:
- Менин оюмча, депутаттар аны колдошот. Себеби, алар талкуу учурунда Муралиевдей тажрыйбалуу министр бизге керек дешип, колдой тургандыгын билдиришти. Ал эми мурунку добуш берүүдө ал залда олтурган депутаттардын аздыгынан гана ал зарыл болгондон 2 добушту кем алып калган.
Палата мындан тышкары эл аралык байланыш жана интеграция министринин милдетин аткаруучу Тажимамат Шаболотовду дайындоо боюнча добуш берет. Валерий Дилдин айтымында, бирок ал кандай добуш алаары белгисиз. Анткени, мындай министрдин орду өкмөттүн түзүмүндө жок.
Таңкы жаңылыктарды Азиза Турдуева Прага шаарынан даярдады.