Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Иракта коопсуздук чаралары жарыяланат


Багдад. Бүгүн Ирактын убактылуу өкмөтү өлкөдө бир катар коопсуздук чаралары жарыялана тургандыгы жөнүндө билдирди. Мындай кадам Иракта козголоңчуларга каршы күрөшүүнү күчөтүү максатын көздөйт. Иракта жакынкы күндөрү комендаттык саат киргизилиши ыктымал. Кечээ эле Багдаддан түндүккө карай жайгашкан Халис шаарында болгон жардыруудан кеминде 9 адам набыт кетти. Ал эми Британиянын премьер-министри Тони Блэр Иракта эми өзөктүк курал табылбай тургандыгына ынана баштагандыгын билдирди. Бирок Блэр АКШ менен Британиянын Иракка карата согуш ачкандыгынын негиздүүлүгүн Саддам Хусейиндин режими дүйнөлүк жана аймактык коопсуздукка коркунуч туудургандыгы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG