ТАЛАС. Талас облустук ички иштер башкармалыгында текшерип эсептөө комиссиясы түзүлдү. Эми ал милиция кызматкерлеринин кылмыштарды жашырып коюу фактыларына каршы иш жүргүзөт. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан 7-июль күнү маалымдашты. Чынында бул ишти ички иштер органдарында мурдатан иштеп келаткан ички коопсуздук кызматы аркалашы керек эле. Бирок башкармалыктын жетекчилигинин пикиринде, бул бөлүм кылмыш жасагандар менен экономикалык кызыкчылыктары бир болуп, жакшы натыйжа бербей жатат. Жаңы түзүлгөн комиссия кыска мезгил ичинде 25 кылмыш иши жашырылгандыгын таап чыкты.
Кылмышты жашырып жүрүшкөн онго жакын участкалык милиционерлер, тергөөчүлөргө административдик жаза колдонулду. Кылмышты жашырып, айыпкерлерден ири өлчөмүндө пара алуу максатында милиционерлер менен алардын жетекчилеринин ортосунда алдын ала уюшкан топтор бар экендиги да билине баштады.