ОШ. "Жаш шайлоочулардын борбору" долбоорунун алкагында шайлоолордун таза өтүүсүн камсыз кылуу үчүн маалымат өнөктүгүн жайылтуу жана добуш берүүгө көзөмөлдүк кылуучу 300дөн ашуун байкоочуларды даярдоо милдеттери камтылган. Долбоордун жетекчиси Айнура Рахманованын айтымында, буга чейинки шайлоолордо студент жаштарды кайсы бир талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн же болбосо кандайдыр бир саясий өнөктүк үчүн пайдаланган учурлар көп катталган.
Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн бир катар өкмөттүк эмес уюмдар биргелешип, атуулдардын саясий активдүүлүгүнүн жаңы механизмдерин иштеп чыкмакчы. Долбоор ЕККУ жана "Кыргызстан-Сорос" фондусу тарабынан каржыланууда.