БИШКЕК. "Мектептер үчүн чыгарылып жаткан окуу китептеринин сапаты стандартка жооп бербейт". Бул тууралуу бүгүн Китеп палатасында өткөн “тегерек үстөл” жыйынында айтылды. Жыйында Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов китеп чыгарууда тендер “жалдама” жолу менен жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу окуу китептери бүгүнкү талапка жооп бербейт, деген пикирин билдирди.
Ал эми Билим берүү министринин орун басары Гайша Ибрагимова жыйында айтылган кемчиликтерди жоюуга боло тургандыгын, окуу китептерин чыгаруучу басмаканага талап катуу коюларын жана китеп чыгарууда тендер айкын ачык жүргүзүлөөрүн маалымдады.