Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

БУУнун өнүгүү программасы шайлоого кам көрүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын «Шайлоо процессин уюштурууда жана өткөрүүдө улуттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу» деген долбоорун талкуулоого арналган жыйын болду. Ага президенттик администрациянын, өкмөттүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын, бейөкмөт, эл аралык уюмдардын, саясий партиялардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович долбоор шайлоолордун адилет жана калыс өтүшүнө өбөлгө түзүү максатын көздөөрүн билдирди. Ал эми программанын координатору Александр Кашкарев долбоорду ишке ашыруу үчүн борбордук жана жергиликтүү шайлоо комиссияларын техникалык жабдууга 320 миң доллар, Борбордук шайлоо комиссиясы менен шайлоочулардын байланышын чыңдоого 761 миң 900 доллар жумшоо каралып жаткандыгын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев мындай аракет өтө зарыл экендигин билдирсе, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюумунун төрайымы Төлөкан Исмаилова берилген каражат максатына ылайык сарпталаарына көзү жетпей тургандыгын билдирип, шайлоонү өткөрүүгө бейөкмөт уюмдарды көбүрөөк тартууну сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG