Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Грузияда чегара кызматтарынын жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн Грузиянын Батуми шаарында Шериктеш мамлекеттердин чегара кызматынын командачылар кеңешинин 51-отуруму өз ишин баштады. Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Молдова, Казакстан, Орусия, Тажикстандын чегара кызматтарынын башчылары катышууда. Бул тууралуу бүгүн Чегара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын делегациясын чегара кызматынын төрага орун басары генерал-майор Нурдин Чомоев баштап барган. 51-кеңешмеде маанилүү 8 маселе талкууланат. Анда шериктеш мамлекеттердин чегара коопсуздугу, мыйзамсыз миграция жана маңзаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелери каралат. Ошондой эле чегарадан өткөрүүдөгү бирдиктүү экономикалык системанын эсеп-чоту такталат.

XS
SM
MD
LG